Adana Adıyaman Afyon Ağrı Aksaray Amasya Ankara Antalya Ardahan Artvin Aydın Balıkesir Bartın Batman Bayburt Bilecik Bingöl Bitlis Bolu Burdur Bursa Çanakkale Çankırı Çorum Denizli Diyarbakır Düzce Edirne Elazığ Erzincan Erzurum Eskişehir Gaziantep Giresun Gümüşhane Hakkari Hatay Iğdır Isparta İstanbul İzmir K.Maraş Karabük Karaman Kars Kastamonu Kayseri Kırıkkale Kırklareli Kırşehir Kilis Kocaeli Konya Kütahya Malatya Manisa Mardin Mersin Muğla Muş Nevşehir Niğde Ordu Osmaniye Rize Sakarya Samsun Siirt Sinop Sivas Şanlıurfa Şırnak Tekirdağ Tokat Trabzon Tunceli Uşak Van Yalova Yozgat Zonguldak
Şanlıurfa °C

Поздравление Президента Садыра Жапарова с Новым 2023 годом

Поздравление Президента Садыра Жапарова с Новым 2023 годом
01.01.2023
A+
A-

 

 

 

Поздравление Президента Садыра Жапарова с Новым 2023 годом

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров поздравил кыргызстанцев с Новым 2023 годом.

Текст новогоднего поздравления Главы государства:

«Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Саналуу мүнөттөрдөн кийин жалпыбыз дагы бир жылды карытып, жаңы 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Ким болбосун, ар бир адам, ар бир үй-бүлө жүрөк толкуткан мындай ирмемдерде узап бараткан жылга бир кылчая сереп салып, келе жаткан жылдан үмүт арта аруу тилектерди айтып, жаңы максаттарды белгилейт.

2022-жылы Сиздер менен чогуу кыйла ийгиликтерге күбө болуп, маңдайыбыз жарыла кубанган, жаркын келечекке улуу үмүт менен караган учурларыбыз арбын болду.

Тилекке каршы, ошону менен бирге Мекен чеги башталган Баткен жергебизде кейиштүү окуялар кайталанып, кабыргабыз кайышты. Үч миң жыл ичинде өз башынан нечен-нечен тарыхый сыноолорду кечирген түптүү кыргыз элинин урпактары катары биз, кыргызстандыктар, бул жолу да биримдик менен сабырдуулукту көрсөтүп, жазмыштын жакшысын да, жаманын да көтөрдүк! Мына ошондуктан мен быйыл Кыргызстандын жүрөгүнө айланган касиеттүү Баткен жергесинен туруп, жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоону туура көрдүм!

Кадырлуу калайык-калк!

Кыйын кезеңде “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, намыска бек турган кыргыз элибизден айланып кетсе болот, ошондуктан жумурай журтка терең ыраазычылыгымды билдиремин!

Кыргызстандын бүтүндүгүн сактаган, Мекен чегин тайманбай коргогон эр жүрөк уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, уулун “Мекендин укум жери үчүн туруп бер!” деп тарбиялаган нарктуу аталарга башымды ийип, таазим кыламын!

Ата Журту үчүн ажалга жалтанбай тике караган баатыр уулдарыбыздын жаркын элестерин, укум жер үчүн өлүмдөн коркпой жанын берген эрдиктерин эч качан, эч качан унутпайбыз!

Учурда Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоо –улуттук эң башкы маселелердин бири. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз!

Ар түрдүү себептерден улам учурунда чечилбей, акыры түбү кейиштүү кесепеттерге алып келген чек ара маселесин биротоло чечүү үчүн бардык жоопкерчиликти мойнубузга алып, чечкиндүү турабыз. Бизден кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз!

Дорогие кыргызстанцы!

Сегодня, находясь на малой родине Полот-хана и Молдо Нияза, Абдыкадыра Орозбекова и Исхака Раззакова, я хочу поздравить вас с наступающим Новым 2023-м годом.

В уходящем году мы все вместе пережили множество событий, как радостных и достойных гордости, так и печальных.

Каждое холодное дуновение ветра с приграничья, глубоко отзывается в сердце каждого кыргызстанца.

В трудную минуту кыргызский народ в очередной раз показал свою сплоченность. Сообща, вместе нам под силу любые трудности, с которыми мы сталкиваемся на пути нашего развития.

В течение этого года мы с вами плечом к плечу, шаг за шагом продвигались вперед, реализуя стратегические задачи и добиваясь побед. Это каждодневный тяжкий труд, но мы не должны никому и ничему позволить свернуть нас с намеченного пути. Мы смогли направить более значительные ресурсы на улучшение благосостояния народа, чем во все предыдущие годы.

Все достигнутое в 2022-м году — это результат общего труда и целеустремленности. Меня переполняет гордость за наш народ, который своим трудом прокладывает путь к процветающему Кыргызстану.

Вместе мы – сила и мы едины в стремлении жить в развитом, сильном государстве.

Верю, что Новый год приумножит благосостояние каждого нашего гражданина, каждой семьи и мы сможем достигнуть тех вершин, к которым стремимся.

Пусть все, что мы имеем сейчас, станет стимулом для новых свершений.

Кымбаттуу мекендештер!

Узап бараткан жылы глобалдашып жаткан дүйнөнүн бир бөлүгү катары эл аралык кызматташтыкты жандантып, стратегиялык өнөктөштөрүбүз, тарапташтарыбыз жана дос өлкөлөр менен кызматташууну эң жогорку деңгээлге жеткирдик. Быйыл бир катар өлкөлөрдүн лидерлеринин башын кошкон маанилүү эл аралык саммиттерди ийгиликтүү өткөрүп алдык. Анын ичинде Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикке татыктуу төрагалык кылгандыгын белгилей кетейин.

Туура жүргүзүлгөн каржы-экономикалык саясаттын натыйжасында өлкө казынасын арттырууга жетиштик. Эки жыл мурдагы республикалык бюджетке салыштырмалуу, быйыл казынабыз эки эсеге өстү.

Эмгек акылардын эселеп жогорулашы менен социалдык жөлөкпулдардын көтөрүлүшүнө кубанган жарандарыбыздын жылуу жүздөрү азыр дагы көз алдымда турат. Ак саамайлуу апаларыбыз менен ак сакалдуу аталарыбыздын пенсиялары дагы көбөйүп, алардын сабыр менен шүгүрчүлүк кылгандарына жүрөгүм элжиреди.

Баарыбызга тамга таанытып, кат-сабатыбызды жойгон мугалимдерибиздин, ар дайым ден соолугубузга кам көргөн дарыгерлерибиздин, бүткүл өмүрүн өлкөсүнө арнаган социалдык тармактын кызматкерлеринин мамлекеттик бийликке ишеним-үмүтү жанып, колдоо сөздөрү менен кошо алкыш-баталарын аянбай берүүсүн уккандын өзү бакыт болду!

Миллиарддаган каражаттарга өлкө коопсуздугу үчүн зарыл болгон заманбап аскерий техникаларды сатып алдык. Коргонуу жаатындагы мындай аракеттерди мындан ары дагы улантабыз.

Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылды Тоо тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоо таап, эл аралык жыл катары жарыяланган. Ошону менен бирге 2022-жыл Кыргызстанда Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп белгиленген. “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери” концепциясы иштелип чыгып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында 2023-2027-жылдарды “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” деп жарыялоо боюнча резолюция жактырылды.

Бул иштер, албетте, тоолуу региондордун көйгөйлөрүнө дүйнө коомчулугунун көңүл бурушуна Кыргызстандын кошкон зор салымы болуп эсептелет.

Кадырлуу калайык-журт!

Биз үстүбүздөгү жыл ичинде чама-чаркыбызды салмактап, ар кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан, өлкө үчүн мааниси зор башка тармактарда дагы чоң-чоң долбоорлорду баштоого бел байладык.

Өзүңүздөр билгендей, эл аралык деңгээлде улуттук кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн бекем туруп, “Кумтөр” алтын кенин кеч болсо да, элибиздин энчисине толук кайтардык.

Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо багытында жасалган чоң кадам – бул кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы болду. Борбор Азиядагы суу ресурстарына ээлик кылган саналуу мамлекеттердин бири болгон Кыргызстан үчүн “Камбар-Ата-1” ГЭСи өтө маанилүү стратегиялык долбоор! Ошону менен бирге чакан ГЭСтерди, электр кубатын өндүрүүнүн альтернативдүү варианттарын курууга дагы өзгөчө көңүл буруудабыз.

Өлкөнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууга батыл кириштик. Аны менен катар эгемендүүлүк тарыхыбызда алгач ирет темир жол курулушун – “Балыкчы-Кочкор – Кара-Кече” темир жолун курууну баштадык.

“Күчтүү регион – күчтүү мамлекет” ураанынын астында административдик-территориялык реформага кадам жасалды. Буюрса, жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоордун натыйжаларын “жети өлчөп, бир кесип”, аймактарыбызды өнүктүрүүдө дагы колдонобуз.

Өтүп бараткан жылы өлкөбүздө спорт тармагына жакшы көңүл бурулуп, жемиштүү жылдардан болду. Спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде Кыргызстандын туусун бийик желбиретип, алтын медалдарды катар-катар алып, жеңиш менен кайтып, мекендештерди кубанычка бөлөгөн учурлар көп болду!

Уңгубузга кайтып, улуттук деңгээлде Элдик курултай өткөзүп алдык. “Эл тараза – эл сынчы” дегендей, өлкөнүн алган багыты менен жасалган иштер төп келип жатабы-жокпу деген маселени элдин тараза ташына коюп, бабалардан калган нагыз элдик бийликтин үлгүсүн түзүп алып, улуу кыргыз жолун улап кетүү ниетибизди ишке ашырдык. “Көч бара-бара түзөлөт” деген накыл кеп сыңары, Элдик курултайды улам бүлөп, улам курчутуп олтуруп, бул институтту тээ бабалар учурундагыдай улуттун улуу иштери менен алек болгон институтка айланта алабыз деген илгери үмүтүм бар.

Кыргызда жети саны байыртадан бери ыйык деп эсептелет. Мынакей, учугубуз уланып, канат-бутагыбыз жайылып, жети миллиондуу калк болуп, жаңы жылга аяк басып олтурабыз. Калктын санынын өсүшү – өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү факторлорунун бири. Элибиздин саны артып, өлкө экономикасынын өнүгүшү жарандарыбыздын бейпил турмуш, бакубат жашоого умтулуусуна чоң өбөлгө болот.

Урматтуу агайын-туугандар!

“Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт эмеспи, кирип келген жаңы жылыбыз Кыргызстаныбыз үчүн өзгөчө жакшылыктардын башталыш жылы болсун деп баарыбыз тилек кылалы!

Биз 2023-жылы бардык тармактар боюнча арымдуу өсүш секиригин жасоонун алдында турабыз.

Бардык тармактар боюнча элдин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатында иштерди жигердүүлүк менен улантабыз.

Урматтуу мекендештер,

жалпы кыргызстандыктар!

Ошентип, келе жаткан жаңы 2023-жылдын босогосун чоң максаттар, конкреттүү пландар менен аттап отурабыз.

Жалпы Кыргызстан эли – ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүүгө бет алган өзгөрүүлөр менен жаңылануулардын түздөн-түз катышуучусу экенибизди сезип, ынтымагыбызды бекем кармасак, алдыга коюлган бийик максаттарга жетебиз, ниет кылып мерчемдеген иш-пландарыбыздын өтөөсүнө чыгабыз деп бекем ишенем! Себеби элибиздин эбактан бери келаткан улуу сапаттарынын бири – биримдикке, ынтымакка умтулуусу. Бул – Кыргызстан элинин артыкчылыгы, биздин дөөлөтүбүз, эгемендүүлүбүздү бекемдеген асыл нарк!

Мына ошондуктан, ырыс ыроологон ынтымагыбызды бекем сактайлы, кут тартуулаган биримдигибизди бекем кармайлы!

Жаңы жылыбыз элибизге берекени, ырыскыны мол алып келген куттуу жыл болсун!

Жергебизде тынччылык, элибизде токчулук, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!»

 

качать фотогалерею

facebook sharing buttontwitter sharing buttonvk sharing buttonodnoklassniki sharing buttonwhatsapp sharing buttonprint sharing buttonemail sharing button

 

kaynak:https://president.kg/ru/sobytiya/24138_pozdravlenie_prezidenta_sadira_ghaparova_s_novim_2023_godom

 

 

REKLAM ALANI